м21-22-сентябрда Бишкек шаарында үстөл үстүндө теннис боюнча эл аралык турнир өттү.Аталган иш-чарага Кыргызстан менен Казакстандын Тараз, Шымкент, Алматы шаарларынан82 спортчусу катышып, алардын ичинен 14 спорт чебери жана 24 киши спорт чеберине талапкерлербар.

Турнирде жалгыз оюнчулардын арасында, 45 жашка чейинки жана 45 жаштан улуу айымдар жана мырзалардын ичинен жеңүүчүлөр аныкталды.

Ж
ашы 45-ке чейинкикурактык топто жалаң кыргызстандыктар жеңишке жетишти.Биринчи орунгаАзамат Эргешов ээ болуп, экинчи орун Алишер Якупбаев жана үчүнчү орунга Бектурсун Бекболотовдор татыктуу деп табылды.

45 жаштан улуу Закир Ташмухамедов(Чүй облусу)барынан алдыга озуп чыкты.Экинчи орунга Бакыт Нишанов (Бишкек) жана үчүнчү орунга Азамат Тургунбеков (Бишкек) ээ болушту.

45 жашка чейинки аялдардын арасында турнирдин чемпиону Ситора Халикова (Чүй облусу) болду. Күмүш медальМимоза Тынаевага (Бишкек) боюнча жана коло медаль Нуркыз Аязбековга тартууланды.

45 жаштан улуулардын арасында  Казахстандын өкүлү, Тараз шаарынын келген Кульжамиля Адилова жеңишке жетти. Экинчи сыйлык Елена Старжинскаяга (Бишкек), ал эми үчүнчү орунга Вера Приданова (Тараз) татыктуу деп табылды. 


Жуптук разрядтагы турнирдин чемпионуАлишер Якупбаев и Талгат Сагындыков (Бишкек) аталышса, экинчи орунга Талант Сагындыков и Бектурсун Бекболотов (Бишкек) чыгышты, ал эми учунчуну  Александр Максимов (Алматы)  и Талгат Райымбеков (Тараз) ээлешти.

Бишкек шаарынын спорт жана дене тарбия башкармалыгынын бардык жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине дипломдор, медалдар, байгелер ыйгарылды.


Бишкек шаарынын мэриясы спортчуларды жеңишименен чын жүрөктөн куттуктайт!


Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!