Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы кызматкерлери "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте ѳз билемдик менен орнотулган автокинотеатрды алып салышты.

Эскерте кетчү нерсе, такта махабат сейил багынын аймагында мыйзамсыз жайгашкан жана жер тилке  Т. А. аттуу жаранга токтотмо жайы катары колдонуу үчүн гана ижарага берилген.

Белгилей кетчү нерсе, мурун биз махабат сейил багын шаардыктарга кайтарып берүү боюнча сотко кайрылганбыз. Биз ал жакка бардык элементтери менен кѳчѳѳ машыгуулары, скейтпаркы, велосипед жолдору менен шаардыктардын эс алуучу жайы катары Ден-соолук сейил багын ачканга пландап жатабыз.   “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы шаарды кѳрктѳндүрүү концепциясын архитектурасы менен биринчи алдын ала коомдук талкулоо ѳткѳрдү.

Урматтуу ижарачылар!

Бишкек шаарынын мэриясы тартип бузуучуларга карата катуу чаралар кѳрүлѳөрүн эскертет! Борборубуздун аймагында мыйзамсыз турган жана максатсыз колдонулган бардык объекттер буздурулат. Кыргыз Республикасынын «Борбордун статусу жѳнүндѳ» мыйзамынын 20- беренесине ылайык, мэриянын ыйгарым укугуна муниципалдык менчикти мыйзамсыз орнотулган объекттерден, өз алдынча курулган же колдонуудагы ченемдерди бузуу менен курулуп жаткан имараттардан жана курулмалардан бошотуу кирет.

Объекттерди алып салууда материалдык жана моралдык чыгымдар компенсацияланбайт жана объектти алууда кеткен чыгымдар объектти койгон тарап жактан тѳлѳнүп берилет.