Муниципалитеттин иш жумалыгы салт катары мэр Азиз Суракматовдун шаар кызматтарынын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери менен  болгон  чогулушунан башталат.

Шаар башчысы, баарынан мурда шаардык  кызматкерлердин  борбордогу эс алуу жайларын көрктөндүрүү боюнча мезгилдүү иштери  жай темпте жүрүп жатканына  нааразычылыгын билдирди.

"Бишкек башкы архитектура" ишканасына  жаңы сейил бак зоналардын, скверлердин долбоорлорун экспертизадан өткөрүү процессин тездетүү тапшырмасын берди. "Бишкекасфальтсервис", "Бишкекжарыктандыруу" жана "Бишкекежашылдандыруу" ишканаларына тез арада шаардын түштүк бөлүгүндөгү эс алуу аймактарын көрктөндүрүү,курулуш иштерин тездетүү жана  айланма веложолду салуу иштерин ылдамдатуу  тапшырмасы берилди.

- Мындан сырткары калаа башчысы  жолчулардын Тыналиев көчөсүндөгү тротуарларды төшөп, веложолдорду  салуу иши боюнча нааразычылыгын билдирди. Белгилей кетсек,  бул жерде курулуш иштерин  "Сагын Б"компаниясы жүргүзөт.  Курулуш маселеси боюнча вице-мэр Уланбек Азыгалиевге катуу көзөмөлдү күчөтүү иштерин тапшырды.

Ошондой эле мэр,  "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын,  дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жүргүзгөн иши боюнча отчетун угуп, аткарган иштерин талкуулады.

"Бишкекшаарлифт" ишканасына  буйрутма берүүчүлөрдүн милдеттерин кайра карап чыгуу тапшырылды,  Азиз Суракматов  лифттерди сатып алуудагы тендерлерди өткөрүүдөн баштап, техниканы колдонууга киргизгенге чейин профессионалдар көзөмөлдөп турушун баса белгиледи.

Ошондой эле ишканага азыр жер үстүндөгү өтмөктөрдө лифттерди жылуулоо иштерн жүргүзүү тапшырылды.

- "Бишкекшаарлифт" ишканасынын жетекчиси Тилек  Жээмбаевге ишканадагы менеджментти кайра карап чыгуу,чыгымдарды оптималдаштыруу аркылуу кирешесин көбөйтүү жана аутсорсинг иштин айрым механизмдерин өткөрүп берүү тапшырылды.

Дене - тарбия жана спорт башкармалыгынын башксычы Даулет Досалиевге, мэр спортчулардын мелдештерге катышуу системасын оптималдаштырууну тапшырды, ошондой эле балдардын билим берүү мекемелерин жана борбордогу мектептерди спорттук сабактарга жигердүү камтуу зарыл экенин айтты.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!