Урматтуу бишкектиктер жана шаарыбыздын коноктору! Кѳптѳгѳн суранычтар боюнча салтка айланган айыл чарба жарманкелерибиз кайрадан  иштеп баштады. Белгилей кетсек, жарманкелерде  азык-түлүктүн баасы сиздерди кубантат.

Борбордо күзгү сезонду октябрь районунун тургундары ачты. Ар бир эс алуу  күндѳрү эртең менен Нуркамал Жетикашкаева атындагы көчөсүнүн   Г.Айтиев жана А. Токомбаев  кѳчѳлѳрүнүн ортосундагы бөлүгүндө  жарманке өтөт. Анда шаар тургундары бактардан, чарбалардан жана фермердик чарбалардан жаңы продукция сатып алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Свердлов районунун жашоочулары үчүн күзгү жарманке мурдагы ордунда - Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт. (“Чыгыш-5” кичирайонундагы суунун жээги).

Адаттагыдай эле, көчөдө жашылча - жемиштерди, балды, этти жана сүт азыктарын сатуу боюнча сатуу орундары уюштурулат.

Дем алыш күндөрү Чүй облусунун 120га жакын айыл чарба өндүрүүчүлөрү келишет.   Алгачкы жолу жарманкеде Нарын облусунун ишкерлери катышып, эт, картөшкө жана пияз алып келишет.

Ал эми 40 борбордогу айыл чарба ишканасы шаардыктарга сүт азыктарын, колбасы, бакалея жана консерваланган азыктарды сунуштайт.

Жарманке учурунда   Октябрь жана Свердлов районунун акимиаттарынын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын (МАБ), Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери күзөттө болуп, мамлекеттик башкы  санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору (МСЭКБ) жана №21шаардык ветеринардык лабораториянын кызматкерлери  милдеттүү түрдө ар бир продукцияны  көзөмөлгө алышат.

Ошондой эле Бишкек шаары боюнча ЖКККБнын кызматкерлери жол коопсуздугун камсыздашат. Ар бир жарманкеден кийин "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери аймакты милдеттүү түрдө тазалап турат.

Урматтуу Бишкектиктер! Мэриянын күзгү жарменкесине кош келиниздер. Даамдуу! Пайдалуу!

Бишекек- сүйүктүү шаарыбыз!