Резервдик фонд деген эмне?

КР Бюджеттик кодексинин 24-беренесинин алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары, башкача айтканда мэрия, учурдагы бюджеттик жылда кечиктирилгис каржылоону талап кылган, күтүлбөгөн чыгымдарды каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттердин курамында резервдик фонд түзүшү мүмкүн.Резерв жергиликтүү бюджетке өздүк кирешелерден учурдагы түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.

Резервдик фонддун 2019 – жылга карата  бюджетинин суммасы 10 млн 996 миң 500 сомду түзөт, 9 айда 6 млн.665 миң 400 сом сарпталат, 4 млн. 331 миң 100 сом.

Администрациялык райондордун резервдик фонддорунан төмөнкү суммадагы акча каражаттары жумшалган:

- Ленин району боюнча -3 млн. 622 миң 100 сом;

- Октябрь району боюнча -3 млн. 512 миң 300 сом;

- Биринчи май району боюнча -3 млн. 35 миң 100 сом;

– Свердлов району боюнча -4 млн.142 миң 900 сом.

Акча каражаттарынын олуттуу бөлүгү жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган балдарга, пенсионерлерге, шаардыктарга негизинен жаратылыш катаклизмдерине,өрткө жана кырсыкка кабылгшан учурда жардам көрсөтүүгө багытталган.

Ошондой эле резервдик фонддон балдар аянтчаларын курууга, мектеп парталарын,  отургучтарды жана доскаларды борбордогу мектептерге сатып алууга каражат бөлүнгөн. 2019-жылдын 9 айын ичиндеги резервдик фонддун жыйынтыгы тууралуу бул жерде.xlsx. баракчасынан таанышсаныз болот.

2018-жылы резервдик фондтун  каражаттарын пайдалануу боюнча толук маалымат бул жерде.бул жерде.xlsx.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!