Вице-мэр Уланбек Азыгалиев КЭР Элчилигине караштуу соода-экономикалык маселелер боюнча канцеляриянын кеңешчиси Ли Юе мырза менен жолугушту.

Мэрия канцеляриянын конструктивдик өз ара аракеттешүүсүнө, өзгөчө Ли Юе мырзага ыраазычылык билдирди.

Кытай тарап Москва көчөсүн Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүн реконструкциялоо жана жакынкы аралыкта иштерди аяктоого даяр экендигин билдирди.  

Жолдун бардык узундугундгы бордюралар менен жол бети алмаштырылат, үстүнкү катмарынын жогорку сапатта болушу үчүн шагыл-мастикалык асфальтбетон  колдонулат.

Жолду оңдоо "Бишкек шаарынын автомобиль жолдорунун жол кыртышын калыбына келтирүү"долбоорунун алкагында КЭР грантынын каражаттарынын калдыгынын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, калдык иштин башка түрүнө жөнөтүлгөндө биринчи  грант берүүчүгө кайтарылып берилбейт.

Эске салсак,  жол куруучулар - ChinaRoad & BridgesCorporation корпорациясы учурда ыкчамдуу түрдө иш жүргүзүүдө. Панфилов көчөсүнөн чыгыш тарапка кеткен жолдогу  асфальттын үстүнкү катмарын жасалып жатат. Учурда ондоо иштери Эркиндик булварынын районунда  жүрүүдө.

Урматтуу шаар тургундары, айдоочулар! Кабатыр болбоңуздар! Аба ырайынын жагымдуу шарттарында бардык иштер үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына карата бүткөрүлөт.

Мэрия сабырлуудук кылып күткөн шаар тургундарына жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги Ли Юе ге жана China Road & Bridges Corporation корпорациясынын кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирет.