Урматтуу шаар тургундары! Социалдык тармактара  11-октябрда №227 маршруттук кичиавтобус элди ташып бара жатканда, айдоочунун мас абалын чагылдырган видео тартылып алынган.

Белгилей кетсек, бардык айдоочулар тактап айтканда, коомдук транспорторт жана №227 муниципалдык кичиавтобус каттамдары күн сайын жумушка чыгаардын алдында, наркологиялык текшерүүдѳн ѳтүп турат.

Ал эми тартылган видео боюнча айдоочудан тактаганыбызда, окуя башкача болгонун түшүндүрдү. Анын айтымында, кечки саат 19-00дѳжүргүнчүлѳрдү ташып бара жатканда, анын ангина оорусу кармап, ѳзүн жаман сезген. Айдоочу ал маалда тамагына дарыны сээп, акыбалын жакшырта албай турганда, жүргүнчүлѳр аны мас экен деп күнѳѳ коюп, ар кандай суроо узатышкан. Айдоочу ооруп тургандыктан, алардын суроосуна жооп кайтарып, абалын түшүндүрѳ алган эмес. Ошондуктан жүргүнчүлѳр аны мас экен деген ой менен видеого тартып жайылтып жиберишкен.

Айдоочунун айтымында, ден-соолугуна байланыштуу ал таптакыр ичимдик ичпейт. Эгерде коомчулук буга ишенбесе кесиптештеримден сурап кѳрүнүздѳр деп түшүндүрмѳ берди.


Бишкек – сүйктүү шаарыбыз!