Бишкек шаардык мэриясынын троллейбус башкармалыгында жыл ичинде эң мыкты айдоочу наамына сынак өткөрүлдү.

Сынак беш этапта өтүп, анда коопсуздук эрежелери жана техникасы, троллейбустар түзүлүшү, техникалык тейлөө, жүргүнчүлөр менен микрофон аркылуу иш алып баруу жана, депо аймагындагы троллейбусту айдоо боюнча айдоочулардын иш алып баруусу текшерилди.

БТБнын  айдоочулары бардык этаптардан ийгиликтүү өткөн, ошону менен дагы бир жолу иш жүзүндө өз компетенциясын жана кесипкөйлүгүн тастыкташты.

Жогорку наамды №8 троллейбус каттамынын айдоочусу Токмергенов Айдар Кубанычбекович алды. Экинчи болуп- №2 троллейбус айдоочусу Абдылдаев Асылбек Амангелдиевич аныкталды. Үчүнчү орунду 11 каттамынын айдоочусу Калыков Курманбек Жумашович ээледи.

Сынактын максаты – айдоочулардын чеберчилигин жогорулатуу, шаардыктардын-жүргүнчүлөрдүн билим деңгээлин жана тейлөө сапатын жакшыртуу.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!