Бишкек шаарынын мэриясы Аклассындагы6жаңы Тез жардам автомашинасын жана сүт азыктарын ташуу үчүн эки адистештирилген унааны сатып алган.

Бишкек шаарынын мэриясынын саламаттык сактоо башкармалыгы тарабынан жарыяланган тендердин жыйынтыгы боюнчаАБМ Автокомпаниясы аныкталды.Келишим боюнчаА классындагы 6 тез жардаммашинеси10 млн.980 миң сомгокелет.

Машиналар алып келинип, ушул жылдын аягына чейин башкармалыктынбалансына өткөрүп берилет.

А классы - бул медициналык персоналдын коштоосунда шашылыш болуп саналбаган бейтаптардыжеткирүүгө арналган медициналык тез жардам автоунаалары.

Эске салсак, тендер үч жолу жарыяланган, биринчи жолу катышуучулардын жоктугунан конкурс жокко чыгарылган, ал эми экинчи жолу сатып алынган машиналардын саны өзгөртүлгөн,тендерге катышкан эки компания техникалык өзгөчөлүгү талаптарга жооп берген жок жана документтер менен көйгөйлөр болгон.

Үчүнчүжолу, 23-августтасоңкуконкурс жарыяланып, 13-сентябрда өткөн.

Комиссиянын курамы: Ж. Кочорбаева – медициналык жардамды уюштуруу (ООМП), бөлүмүнүн башкы адиси,Егор Борисов-Бишке шаарындагы ЦЭМ реанимация бөлүмүнүн башчысы,Б. Алымкулов - жарандык коргонуу (ГО) автобазы начальниги, Б. Бозгорпоев - КР МЗ коомдук кеңештин мүчөсү ,Д. Алмазбеков – и. о. жетектөөчү ООМП адисти.

Ошондой эле борбордо сүт азыктарын ташуу боюнча дагы эки адистештирилген машиналар пайда болот.17-июлунда сынак жарыяланып, 31-июлда болуп өткөн,Aman Roadкомпаниясы женуучу аталган. Келишим боюнча атайын жумуштардын наркы 2 млн 600 миң сомду түзүп, авто быйылкы жылдын ноябрында жеткирилет.

Комиссиянын курамында: К. Каратаев – Автобазаны жабдуу боюнча инженер,Ч – Тургуналиева - шаардык балдар сүт ашканасынын негизги медайымы,Т. Алымкулов - ЖК штабынын башчысы, Д.Алмазбеков – ММК фондунун жетектөөчү адисинин м. а.

Атайын унаа сатып алууга да каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында муниципалитеттин балансында 93 тез жардам унаалары бар, алардын ичинен шаар тургуну 44 авто унааны тейлейт, калгандарын пайдаланууга болбойт, аларды эсептен чыгарууга даярдашат.Ал эми 4 унаа сүт азыктарын ташыйт.


Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!