Үстүбүздѳгү жылдын19-октябрында Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын 30 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү.

Салтанаттуу маарекеге мектептин окуучулары, мугалимдер, бир нече мамлекеттик кызматкерлер чакырлып, алардын катарын Биринчи май  районунун башчысы А.Биримкулов,Бишкек шаарынын вице-мэри Т.Кузнецова,  Бишкек шаардык кеңешинин  депутаты К.Музуралиев, Г.Джумабекова, Бишкек шаардык мэриясынын   билим берүү башкармалыгынын   башчысы   С.Мейрманова, Билим берүү жана илим,  маданият, маалымат жана туризм министрликтеринин орун басарлары, ошондой эле райондун мектептерин мүдүрлөрү катышты.

Район башчысы А.Биримкулов өз сөзүндө№69 окуу-тарбия комплекс гимназиясынын 30 жылдык маарекеси менен куттуктап, “Мектеп жамаатына жаш өспүрүмдөрдү тарбиялоодо, билим берүү тармагын өнүктүрүүдө олуттуу салым кошкондугу үчүн ыраазычылык билдирип,  бир катар мугалимдерди ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн муниципалдык администрациянын Ардак грамоталар менен сыйлады. Мындан сырткары эки компьютерге сертификат тапшырды. Иш- чара концерттик программа менен коштолуп, келген коноктор окуучулардын ѳнѳрлѳрү жана билимдери менен таанышып чыгышты.


Бишкек- билимдүү шаарыбыз!