Эс алуу күндөрүнө карабастан, мэр Азиз Суракматов баш калаабыздын вице-мэрлери менен биргеликте кышка даярдыкты текшерүү үчүн ар бир районду кыдырып чыкты.

А.Суракматов шаардыктар, меткеп жана бала бакчалардын башчылары менен жолугушуп, балдарыбыз убактысынын көбүн өткөргөн класстар, группалар жана имараттардагы темепература боюнча так маалыматтарды алды. Ошондой эле маалымат шаардык дарылоочу жайлардан, өзгөчө бейтапканалар жана ооруканалардын палаталары боюнча алынды. Ага ылайык турак-жай коммуналдык чарба боюнча вице-мэр Мирлан Амантуровго күзгү-кышкы сезонго карата даярдык боюнча штаб түзүп, шаардыктардын үйлөрүнө жылуулук берүүнү баштоо тапшырмасы берилди.  Мындан улам, тиейшелүу буйруккка жакын арада кол коюлат.  

Биз, коп кабаттуу үйлөрдүн тургундарын жылуулук сезонуна даярданууга суранабыз. Ал үчүн:

1. Жогорку кабаттагы жабдыктарга Маевский кранын орнотуп, же аларды алмаштыруу керек. Бул чара түтүкөрдөгү желди чыгарууда колдонулат.
2. Жылуулк берүүчү приборлорду тазалап, эскисин жаңысына алмаштырып, бузулганын оңдоп, суу берүүчү смесителдерди аңдап койуу керек. Мында чара жылуулуктун үйгө жакшылап берилиши камсыз кылат.
3. Ысык сууну бөлүп берүүчү турботүтүктөрдө авариялык вентелдерди оңдоп, же алмаштыруу зарыл. Ошондой эле үйдө колдонулуучу “Аристон” тибиндеги суу жылыткычтардын муздак суу берүүчү вентелин жаап коюуш керек.

Эң негизгиси: терезелерди жылуулап, үйдүн, подъездердин кире беришиндеги эшиктерди жылуулап, пружиналарды орнотуп коюууңуздарды өтүнөбүз.

Ардактуу шаардыктар! Үйүбүздөгү жылуулук тек гана шаар кызматтарынын гана эмес, үйдү жылуулагандан дагы көз каранды экенин унутпайлы.

Эскерте кетсек, шаарыбыздагы үйлөргө ысык суу эки ишкана тарабынан берилет:  "Бишкекжылуулуктүйүндөрү" ишканасы– Улуттук энергохолдингдин түзүмдүк компаниясы. "Бишкектепоэнерго" коммуналдык ишканасы, мэриянын түзүмдүк кызматы. Бул кызмат,  "Бишкекжылуулуктүйүндөрү" ишканасынын магистралдык турботүтүктөрү жетпеген райондорго жылуулук берет.

Урматтуу шаардыктар! “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасы тарабынан жылуулук берүү боюнча суроолор пайда болсо, төмөнкү номурларга кайрылсаңыздар болот:(0132) 21-28-47, (0312) 212844,   WhatsApp-канал: 0500 287070.

Калган 120.000 колдонуучуларды  жылуулук менен "Бишкекжылуулуктүйүндөрү" ишканасы камсыз кылат. Пайда болгон суроолор боюнча төмөнкү телефон номурларына чалсаңыздар болот:

- (0312) 61-11-69 – пайдалануучуларды колдоо борбору ;
- 36-57-19, 30-07-67 – Борбордук райондун мөөнөттөгү инженерлери;
- 51-06-22, 21-74-06 – Түштүк райондун мөөнөттөгү инженерлери;
-56-85-58 – диспетчердик кызмат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!.