Бишкекте 4-декабрь – “Манас” эпосун белгилөө күнүнө карата “Жаш манасчы” жана “Үйрөнчүк манасчы” сынактары өткөрүлүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан борбор шаарыбызда “Жаш манасчы” жана “Үйрөнчүк манасчы” сынактары жарыяланып, райондук сынактардан алдыңкы орундарга ээ болгон жаш манасчылар шаардык сынакка катышып жатышат.

Бүгүн, 2019-жылдын 27-ноябрында саат 09.30дан 12.00гө чейин “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын жыйын жайында Бишкек шаарындагы мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын арасында “Жаш манасчы” жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн арасында “Үйрөнчүк манасчы” сынактары өтүп жатат.

“Жаш манасчы” шаардык сынагына № 4 бала бакчадан Шералиев Нуриман, № 52 бала бакчадан Токтосунов Рамзан, № 135 бала бакчадан Турумбеков Шеркожо, № 92 бала бакчадан Шамбетов Бакыт катышып жатат.

Жалпы билим берүү уюмдарынан № 1 орто мектептен Замирбеков Жакшылык, № 2 орто мектептен Чотоев Ызатбек, № 3 орто мектептен Дуйшенбаев Алтынбек, № 38 Р.Шүкүрбеков атындагы окуу-тарбия комплексинен Жолочиев Саид,   № 66 окуу-тарбия комплексинен Мээримбек кызы Бермет, № 69 окуу-тарбия комплексинен Молдогазиева Алия, №81 орто мектептен Жолдошалиева Анжелика, № 31 гимназия мектебинен Төлөнов Ырыс, № 35 орто мектептен Нурбекова Диана, № 42 орто мектептен Мансур уулу Жалил, № 20 мектеп-гимназиясынан Мамарасулова Асия жана Данилов Эржан сынакка жигердүү катышып, өнөрлөрүн көрсөтүп жатышат.

“Үйрөнчүк манасчы” сынагына Бишкек шаарынын мэриясынын №21 муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкери Куттубек уулу Максат, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан (ДМЧАлар үчүн шаардык реабилитациялоо борборунан) Бообек уулу Руслан, балдар жана жаштарды реабилитациялоо борборунан Жеңишбек кызы Сезим мыкты даярдык менен келишкен.

Бүгүнкү сынактын бардык катышуучуларына Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан грамоталар жана баалуу сыйлыктар даярдалган.

Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Эльвира Ниязбекова “Жаш манасчы” жана “Үйрөнчүк манасчы” сынактары жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп, жыл сайын жаңы жаш манасчылар сынакка катышып жаткандыгын белгилеп, жаштарды тарбиялоодо “Манас” эпосу эбегейсиз зор мааниге ээ экендигин билдирүүдө.

Быйылкы жылдагы сынактардын өзгөчөлүгү “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата бекитилген план боюнча “Жаш манасчылар фестивалын уюштуруу” иш-чарасын өткөрүүдө, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу “Жаштардын консультативдик кеңеши”, “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы, “Саякбай манасчы” коомдук фонду, КТРК, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия биргелешип, өнөктөш болуп иш жүргүзүп жаткандыгын белгилөө керек.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!