Бишкекте 4-декабрь – “Манас” эпосун белгилөө күнүнө карата Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү “Жаш манасчы” жана “Үйрөнчүк манасчы” шаардык сынактарын өткөрүп, жыйынтыктады.

Сынактар “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын жыйын жайында өткөрүлдү.

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын арасындагы “Жаш манасчы” сынагында № 92 балдар бакчасынан Шамбетов Бакыт баш байгеге, № 135 балдар бакчасынан Турумбеков Шеркожо 1-орунга, № 52 балдар бакчасынан Токтосунов Рамзан 2-орунга жана № 4 балдар бакчасынан Шералиев Нуриман 3-орунга татыктуу болду. 

Жалпы билим берүү уюмдарындагы “Жаш манасчы” сынагында № 38 Р.Шүкүрбеков атындагы окуу-тарбия комплексинин 1-классынын окуучусу Жолочиев Саид баш байгеге, № 35 орто мектептин 5-классынын окуучусу Нурбекова Диана 1-орунга, № 20 мектеп-гимназиясынын 6-классынын окуучулары Мамарасулова  Асия 2-орунга жана Данилов Эржан 3-орунга ээ болду. 

Ошондой эле жалпы билим берүү уюмдарынан  № 1 орто мектептен Замирбеков Жакшылык, № 2 орто мектептен Чотоев Ызатбек, № 3 орто мектептен Дуйшенбаев Алтынбек, № 66 окуу-тарбия комплексинен Мээримбек кызы Бермет, №  69 окуу-тарбия комплексинен Молдогазиева Алия, № 81 орто мектептен Жолдошалиева Анжелика, № 31 гимназия мектебинен Төлөнов Ырыс,  № 42 орто мектептен Мансур уулу Жалил жана башка жаштар сынакка жигердүү катышып, кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн арасында өткөрүлгөн “Үйрөнчүк манасчы” сынагында Бишкек шаарынын мэриясынын № 21 муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкери Куттубек уулу Максат 1-орунга, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан (Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялоо борборунан) Бообек уулу Руслан 2-орунга, Балдар жана жаштарды реабилитациялоо борборунан Жеңишбек кызы Сезим 3-орунга ээ болду. 

Иш-чаранын жыйынтыгында “Манас” жана Чыңгыз Айтматов академиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев жаштарга бата берип, калыстар тобу: манасчылар Шайлообек Рашов, Нурбек Талантбеков, Муса уулу Төлөбек,  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Темирбек Осмоналиев, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова сынактардын бардык катышуучуларына Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан даярдалган грамоталарды, мактоо барактарды, баалуу жана кызыктыруучу сыйлыктарды тапшырышты.

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Эльвира Ниязбекова  “Жаш манасчы” жана “Үйрөнчүк манасчы” сынактары Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп, жыл сайын жаңы жаш манасчылар сынакка катышып жаткандыгын белгилеп, жаштарды тарбиялоодо “Манас” эпосу эбегейсиз зор мааниге ээ экендигин билдирди.

Быйылкы жылдагы сынактардын өзгөчөлүгү “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата бекитилген план боюнча “Жаш манасчылар фестивалын уюштуруу” иш-чарасын өткөрүүдө, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу “Жаштардын консультативдик кеңеши”, Манас”  жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы, “Саякбай манасчы” коомдук фонду, КТРК, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия биргелешип, өнөктөш болуп иш жүргүзүп жаткандыгын белгилөө керек.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын “Манас” эпосун сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоо жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 259 “Кыргыз Республикасында “Манас” эпосунун күнүн белгилөө жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-июлунда № 21-3021 бекитилген иш-чаралардын планынын 15-пунктундагы “Жаш манасчылар фестивалын уюштуруу” иш мерчемин аткаруу алкагында өткөрүлүп жаткан иштердин бири болуп эсептелет.