Бүгүн Ленин районунун башчысы Токтосун Султановдун төрагалыгы менен кезектеги коллегиянын отуруму муниципалдык администрациясынын жыйындар залында  болуп өттү.

Коллегияга Бишкек шаардык кенешинин депутаттары Валентина Лисниченко, Таалайбек Сариев, коомдук ишмер Д. Мамбетөмүров жана мамлекеттик, муниципалдык мекемелеринин жетекчилери жана МАБнын башчылары катышты.

Коллегиянын күн тартибинде: КР Өкмөтүнүн "Балдарды мектепке жана мектепке чейинки жаштагы балдарды эсепке алуунун тартиби жөнүндө" токтомунун аткарылышы, экономикалык өнүгүү жыйынтыктары жана милдеттери, 2019-2020-жылдын күз-кыш мезгилине болгон даярдыктары, “Бузуулар жөнүндө” кодексинин негизинде жүрүп жаткан иштер жана аткаруучулук тартип жөнүндө маселелер каралды.

Ар бир коюлган маселелер боюнча башчынын оорун басарлары баяндамаларын берип, көтөрүлгөн суроолорго жооптор берилип, сунуштар эске алынды.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!