Бишкек мэриясы шаардагы абанын булганышы менен күрөшүүдө, ушундан улам борбор калаанын жашыл фондун жаңылап жатабыз.
Эс алуу күндөрүндө, “Бишкекжашыландыруу” муниципалдык ишканасынын эмгекчил кызматкерлери жүздөн ашык бак дарак жана карагай отургузушту.
Жекшемби күнү Токомбаев көчөсүн бойлой 90го жакын туянын көчөттөрү отургузулду. Мындан да көп жашылчаны отургузуу иштери пландалууда, учурда жерди даярдап жатабыз.
Ишемби күнү “Бишкекжашыландыруу” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери “Восток-5” кичи районундагы жаңы жүргунчүлөр зонасында крым кызыл карагайдын тогуз көчөтүн отургузду. Буга чейин дал ушул жерге 10 даана туя жана 17 даана катальпа көчөттөрүн отургузганбыз.
Белгилей кетсек, көчөттөн баарын биз өзүбүз, биздин муниципалдык жашыл өсүмдүктөрдүн өстүрүлүүчү жайда өстүрдүк.
Кабатыр болбоңуз! Ар бир көчөткө аяр мамиле менен кам көрөбуз!
Кышкы бак дарак отургузуу иштери уланууда.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!