Биз шаар көчөлөрүн жана тротуарларды кардан тазалоо иштерин улантуудабыз.

Бүгүн, түнү менен менен 292 тонна, ал эми 24 саат ичинде 587 тонна техникалык туз сарпталган. Кар менен күрөшүүгө жол–эксплуатациялык бөлүмүнүн 25 кызматкери чыгып, 33 даана атайын техника колдонулган. Алардын ичинде МАЗ базасындагы 25 даана кар күрөөчү машине, 3 универсалдуу машине жана «Беларусь» маркасындагы 5 мини трактор бар.    

Бишкек шаары боюнча штаттык режимде  “Тазалык” ишканасынын жана жол-эксплуатациялык бөлүмүнүн 663 көчө шыпырган кызматкери, 117 жүк жүктөөчү адис жана 100 кишиден турган таштанды чыгаруучу команда эмгектенүүдө.  

Шаар үчүн «күрөш» токтобойт.  

Карды жана музду тазалоо, тротуарларга жана жол боюна кум себүү боюнча кайрылууларды борбордук мэриянын: 0554 182 185  WhatsApp номуруна жиберсеңиздер    болот.  Ошондой эле, сиздер үчүн  24 саат бою 1840 жана 1850 кыска номерлери кызматта.

Мындан тышкары, көйгөй жаралган участоктордун фотофактыларын коммуналдык- чарба маселелери боюнча акимдиндердин орун басарларына WhatsApp-канал аркылуу  түз эле жөнөтө аласыздар:  

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0550 997 927;

- Турсалиев Алмаз Джакыпбекович (Октябрь району) –   0 772 192 074;

- Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи май району) — 0555 666 096;

- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов  району) — 0703 611 806.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!