«Ак-Босого» жаңы конушундагы канализациялык түйүндөрдүн маселесине курулуш жана архитектура боюнча вице-мэр   Уланбек Азыгалиев чекит койду.

 Окуянын чөө-жайы:  2017-жылы коомдук мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы “Бактимир” курулуш компаниясы менен «Ак-Босого» жаңы конушундагы канализациялык түйүндөрдүн салуу боюнча    20 млн. 387 миң 938 сомго келишим түзгөн.  Курулуш иштери 2019-жылдын 15-апрелинде соңуна чыкмак. Бирок, Манас көчөсү менен Чүй 15 көчөлөрүнө 1000 (миң) метр жер калганда курулуш иштери токтоп калган.  

Ошондой эле Тулебердиев жана Профессор Зима көчөлөрүндө  210 метр канализация түйүндөрүн салуу иштери токтотулган.  
 Тилекке каршы башкармалыктын дагы, Биринчи май акимиатынын кызматкерлери дагы, “Бишкексууканал” ишканасынын кызматкерлери дагы “Бактимир” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жоопко тартаалган эмес. Ал эми бул көчөлөрдүн жашоочулары ылай жол менен күнүгө басып келишет.

 Вице-мэр маалкатпастан, материалдарды Улуттук Коопсуздук Комитетине жиберди. Териштирүү иштери башталып, 2020-жылдын 3-мартында соттук отурум өтөөрү белгилүу болду.    

Урматтуу подряддык компаниялардын жетекчлери
! Алдыңарда болгон милдеттенмелерди аткарууну унутпасаңыздар!   
Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!