Ардактуу пенсионерлер! Кабатыр болбоңуздар!   Эми, «Тулпар» жеңилдетилген карталарын алуу бир топ оңой болуп калды. Бүгүнкү күндөн баштап, күбөлүккө мөөр бастыруу үчүн социалдык фондоко кайрылуунун кажети жок.

Ошондой эле, пенсионерлердин тизмеси түзүлүп, “Тулпар” кызыл картасын берген борборлорго жиберилди.

Жеңилдетилген категориядагы картаны алуу  үчүн:

“Тулпар” кызыл карталарын берген борборлорго кайрылуу керек. Дареги бул жерде:   http://www.meria.kg/ru/post/19834;

Паспорт жана күбөлүктү көрсөтүү керек. (анын ичиндеги мөөрү ар кандай эскирүү мөөнөтү менен боло берет).

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы BPC AG   швейцариялык компаниясы менен биргеликте   "Коомдук транспорттогу электрондук билеттештирүү” долбоорун иштеп чыгууда. Учурда система тестирлөөдөн өтүп, катачылыктар жоюлууда. Ушундан улам, троллейбуста жана автобуста жол кире карта менен дагы, накталай акча менен дагы алынууда.     1-марттан тарта система толук кандуу иштеп баштайт.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!