Ардактуу шаардыктар!  Социалдык түйүндөрүндө Аламүдүн суусу жашыл түскө боёлгон видео боюнча маалымат.  
Биз, видео тартылган жерди аныктадык- бул «Дордой» жана «Энесай» конуштарынын ортосунун аккан  Аламүдүн суусу.  
ТСЖ, квартал башчылары, үй комитеттери жана конуш тургандары сууда эч кандай жашыл боек жоктугун тастыкташты
Район жетекчиси  Мурат Осмоновдун айтымында суу таза жана видеодогу маалымат чындыкка дал келбейт.  Милиция кызматкерлери да келип суунун тазасын келип аныктап кетишти.

Ардактуу шаардыктар! Өтүнүч! Социалдык түйүндөрдөгү провакацияга алдырбаңыздар! Маалыматты текшерүү зарыл. Анткени ал чындыкка дал келбей калышы мүмкүн.  
Бишкек – сүйүктүү  шаарыбыз!