Урматтуу, борбор шаардын тургундары жана Кыргызстандын калкы! Сиздерди Бишкек шаарынын мэриясы 21-февраль – Эл аралык эне тили күнү менен куттуктайт!

Борбор шаарда Эл аралык эне тили күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар болуп өттү.


Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан уюштурулган “Ынтымак, достук, биримдик” аттуу шаардык сынак № 65 экономика-экологиялык лицейдин жыйын жайында өткөрүлдү.


Сынакта жалпы билим берүү уюмдарынын, балдар интернаттарынын, музыкалык, искусство жана спорт мектептеринин окуучулары жана тарбиялануучулары ар улуттун эне тилинде жана мамлекеттик тилде тандалып алынган улут жөнүндө маалымат берип, улуттук ыр-бийдин коштоосунда элдик салттардан сахналаштырылган үзүндүлөрдү коюп, ырларды жатка айтып, улуттук оюндардан көрсөтүштү. 

Катышуучулардын чыгармачылык өзгөчөлүктөрүнө ылайык: Ленин районунун балдар чыгармачылык борбору “Эң мыкты чыгармачыл топ” номинациясына, Свердлов районунун №23 И.В.Гёте атындагы окуу-тарбия комплекс гимназиясынын чыгармачыл тобу “Эң  мыкты шайыр жаштар” номинациясына, Октябрь районундагы №71 Тоголок Молдо атындагы орто мектеп-интернаттын чыгармачыл тобу “Эң мыкты өнөрлүү жаштар” номинациясына, Балдар спорт мектебинин чыгармачыл тобу “Эң мыкты билермандар” номинациясына,  № 1 искусство мектеби “Эң мыкты жаштар” номинациясына, Биринчи май районунун № 1 интернат-гимназия мектебинин чыгармачыл тобу “Эң ынтымактуу жаштар” номинациясына ээ болушту. 


Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы Эл аралык эне тили күнүнө арнап уюштурган “Тил – достуктун ачкычы” атуу окуучулар арасындагы изилдөө долбоору № 35 мектепте өткөрүлдү. Анда №69, №88 мектептер  биринчи орунду, №1, №32 мектептер экинчи орунду, ал  эми №95, 81 мектептер үчүнчү орунду ээлешти. Ошондой эле райондук билим берүү борборлору тарабынан райондук мектептер арасында изилдөө долбоорлору өткөрүлдү.


Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү борбору мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын эмгек жамааттарынын арасында кароо-сынактарды өткөрдү.


Белгилей кетсек, 21-февраль – Эл аралык эне тили күнүнө арналган ар түрдүү майрамдык иш-чаралар Бишкек шаарынын мэриясына караштуу бардык мекеме-уюмдарында жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлөт. 

1999-жылдын 17-ноябрында ЮНЕСКОнун Башкы конференциясында жарыяланган Эл аралык эне тил күнү 2000-жылдан тартып жыл сайын 21-февралда тил жана маданий ар түрдүүлүккө жана көп тилдүүлүккө көмөктөшүү максатында белгиленип турат.

Бишкек шаарынын мэриясы бардыгыңыздарды Эл аралык эне тили күнү менен куттуктайт! 

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!