Бишкек шаарынын мэриясына караштуу шаардык транспорт башкармалыгында КР ИИМнин пенсиялык фонду, ИИМнин ардагерлер кеңеши, райондук социалдык фондунун башкармалыгы, социалдык өнүгүү жана билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү менен чогулуш өттү.

Коомдук транспортто жүрүү  накталай эмес төлөмгө өтүүсүно байланыштуу, КР ИИМнин ардагерлерине  коомдук транспортто жүрүүсүнө жеңилдиктер менен камсыз кылуу боюнча суроолор каралды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын №312 токтомуна ылайык, Бишкек шаарында катталган жаш курагы боюнча пенсионерлер,  ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, 7 жашка чейинки балдар  коомдук транспортто  акысыз жүрүүгө укугу бар.

ИИМтин, КР Өкмөтү тарабынан чечим кабыл алынгандан кийин  Бишкек шаарынын мэриясы укук коргоо органдарынын ардагерлерине жеңилдиктери менен камсыз кылууну белгиленген тартипте карап чыгат.

Андан дагы бизге шаарда катталбаган, бирок Чуй облусунун жеринде жашаган ата-энелерден, аты катталган мектеп окуучулары үчүн жашыл карталарды алуу боюнча суроолор келип жатат. Бул маселе боюнча  Билим берүү башкармалыгы жана Бишкек шаарынын мэриясынын юристеринен түзүлгөн команда иш алып барат.

“Электрондук билеттештирүү” долбоору шаар тургундарынын артыкчылыктуу категориялары үчүн аты катталган кызыл карталарын таратуучу пункттарын көбөйтүүдө.

Эске салсак, 1-марттан тартып коомдук транспортто  “Электрондук билеттештирүү” долбоору толук режиминде ишин баштады.  Ар бир автобуста жана троллейбуста атайын системанын иштеп жатканын байкоо боюнча 250 кенешчилери иштеп, түшүндүрүү жүргүзүп жана автобустун, троллейбустун ичинде Тулпар төлөм карталарын сатышат.

Бишкек – сүйүктүү  шаарыбыз!