"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы  жер алдындагы өтмөктөрдүн чырактарын жаңылап баштап бүтүп калышты.

Жер өтмөктөрүндө 85 атайын тор менен тосулган  жарык берүүчү чырактар орнотулуп, узундугу бир миң бир жүз он метр электр берүү линиялары алмаштырылды. Электр  энергиясын үнөмдөгөн чырактар кадимки чырактарга караганда 5 эсе жарыгыраак күйөт жана 7 эсе үнөмдүү болот.

Бүгүнку күндө Ибраимов көчөсүндөгү, Манас проспектиси менен Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги, Байтик Баатыр менен Саманчин, ошондой эле А. Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жер астындагы өтмөктөр жарык менен камсыздалды.

2020-жылы 7-апрель менен Л.Толстой  көчөсүнүн, Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн, Тоголок Молдо менен Московский көчөсүнүн, Ч.Айтматов проспектиси менен Горький көчөсүнүн  кесилишиндеги, ошондой эле чыгыш жана батыш автобус бекетинин  аймагында жайгашкан жер алдындагы өтмөктөрдү  жарык менен камсыздоо пландалууда.

Урматтуу шаардыктар! Өтүнөбүз! Чырактарды талкалабаңыздар!

Эгер сиз өтүп жаткан  жер алдындагы өтмөктө караңгы болуп, же сиздердин көчөңүздөр караңгы болсо ишкананын  диспетчердик кызматына кайрылыңыз : (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле:  0777 902-115 WhatsApp номери аркылуу билдирүү калтырсаңыз болот.

Бишкек - сүйүктүү жарык шаарыбыз!