Урматтуу шаардыктар! “Ак-Босого-1” жана “Ак-Босого-2”  суу топтомолорундагы оңдоо жана техникалык тейлөө иштерине байланыштуу шаардын суу менен камсыз кылуу тармактарында 3-мартта эртең мененки саат 9:00дөн кечки 17:00гө чейин “Ак-Босого” конушунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт, ошондой эле ал жакта жайгашкан:

-        №81- мектебинде;

-        №14- үй-булөлук дарыгерлер борборунда;

-        №2- “Алтынай” бала бакчасында;

-        №15- участкалык милиция бөлүмүндө;

Ушундан улам мектеп жана бала бакча бул куну иштебейт, ал эми үй бүлөөлүк дарыгерлер борбору алдын ала суу менен камсыздалган үчүн кадимки режимде конуштун тургундарын кабыл алат.

Суу тосмолорун оңдоо иштеринин убагында келтиригилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, алаичүүчү суу камдап алууңуздарды өтүнөбүз.

Эгер cуу маселеси боюнча ар кандай кыйынчылыктар жаралса “Бишкексууканал” ишканасынын төмөнкүномурларына кайрылууну суранабыз:

-        ЖАТ “Бишкексууканал” ишканасынын борбордук диспетчердик кызматы: 56-03-20;

-        Үй ичиндеги туйүндөр боюнча суроо-талаптар үчүн байланыштар: 54-42-45, 54-42-44;

-         “Горводопровод” башкармалыгы сырткы түйүндор боюнча арыздарды кабыл алган номур: 44-95-97, 44-96-45.

-        “Бишкексууканал” ишканасынын 0770 838 458 Whatsapp номуру аркылуу сүрөт жиберсеңиздер болот.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!