“Бишкек жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы Тыналиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жаңы паркты жашылдандырууга киришти.

Ал жерге жалбырактуу кайын менен катальпанын 17 көчөтү, 18 түп арча көчөтү, вайгела чырмоогу, спирея, гибискус жана кызыл гулдөрүнүн 17  көчөтү, 30 самшит көчөтү жана 1 арча карагайынын көчөтү отургузулду.

Көчөт отургузуу иштерин жүзөгө ашыруу үчүн ишкана тарабынан төрт миң чарчы метрден ашуун жер кузүндө даярдалып атайын топурак алынып келинген.

Эскерте кетсек, бир жума мурун кызматкерлер жердин асты менен 300 метр кабель өткөзүшүп, атайын кооздолгон 14 лед чырактарды коюшту  жана 7 шар түрүндөгү жарык орнотулду. Улуттук боз үйдун формасында жасалга  коюлуп 5 тарабынан жарык берчү чырактар, тегерегине колго жазалган отургучтар жана “Жал” деген жазуу орнотулуп, коп жылдык делген юкка өсүмдүгү отургузулган.

Ал эми Тазалык ишканасы тарабынан паркка отургучтар, таманташтар жана жээкташтар орнотулду.

 

 Бишкек - суйуктуу жашыл шаарыбыз!