Бүгүн Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынынын мамлекеттик туусунун 28 жылдыгы белгиленди.
Иш-чарага шаар тургундары, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров, КР Улуттук гвардиясынын  кол башчысы Т.Эргешов, мэриянын  жана шаардык кеңештин кызматкерлери катышты.
КР мамлекеттик гимнини коштоосунда өлкөнүн символу болгон желек көтөрүлдү.
Кыргыз республикасынын мамлекеттик желеги 1992-жылы 3- мартта республиканын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Желек кызыл түстө. Анын ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдө кырк нур болуп чачыраган күнгө окшош тегерек жайгаштырылган. Күндөй тегеректин ичинде кыргыз боз үйүнүн түндүгү кызыл түстө берилген. Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк - үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт. Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин символу.  

Авторлору: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков.

Бишкек - суйуктуу шаарыбыз!