Вице-мэр Татьяна Кузнецова  Санкт-Петербург шаарынан келген делегация өкүлдөрү менен жолушту. Жыйын Кыргызстан менен Россиянын  эриш-аркак жылы алкагында Бишкек шаарында 6-7-8 9-апрель аралыгында өткөрүлө турган Санк-Петербург кундөрун уюштуруу маселелери талкууланды.

Болжолдуу программа эки блокко бөлүнөт: ишкердик жолугушуулар(тематикалык тегерек столдор, бизнес байланыштарды алмашуу, соода-экономикалык, илимий-техникалык өкмөттөр боюнча аралык комиссиянын он биринчи отуруму жана маданий кызматташтык) жана шардыктарга арналган орус артисттеринин көркөм маданий иш-чаралар.

Ошондой эле, Санкт-Петербург өкмөтү жана мэриясы эки шаар ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн 2020-2023 жылдар аралыгында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча жол картасына кол коюуну пландашууда.

Эскерте кетсек, буга чейин 2019-жылдын 11-14-сентябрында борбордо Москванын күндөрү өткөрүлгөн.

Бишкек — сүйүктүү шаарыбыз!