Бишкекте №9 балдар мектебинин жаңы имаратынын курулушу пландаштырылууда. Долбоорду атайын сынактан  "Градстройресурс" мекемеси утуп алгандыктан, ушул аптада келишим түзүлөт.

Мектептин учурдагы имараты 1925-жылы  курулган, аянты 261 чарчы метр түзүп, бөлмөлөрү тар, коридорлору караңгы, концерттик жана бий залы жок болгондуктан бүгүнкү күндө эскирип дээрлик жараксыз абалда.

Жаңы имарат  бир миң чарчы метрге жакын жерди ээлеп, алда канча кенен болот. Жарык жана ыңгайлуу окуу бөлмөлөрү заманбап жабдуулар менен камсыздалат. Милдеттүү  түрдө пандустардын, тышкы жана ички байкоо камераларын, көчөлөргө жарык жана интернет байланыш системасын орнотуу тапшырылды. Ошондой эле жаңы имарат өзгөчө архитектуралык көрүнүштө салынып, жакшы шарттар түзүлөт жана айланасы жашылдандырылат.

Мектептин куруулушу ушул жылда даяр болот.

Бишкек -  сүйүктүү шаарыбыз!