Бишкек шаардык мэриясынын санитардык-экологиялык комиссиясынын мүчөлөрү күн сайын жөө басып капиталдык жакшыртуу боюнча эрежелерди бузгандарды аныктоо максатында шаардын ар бир бурчун иликтөөдө.

Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренесине ылайык айланасындагы аймакта, тактап айтканда 10 метр аралыгында тазалыкты сактабагандыгы үчүн Л.Толстой көчөсү 70б дарегинде жайгашкан "Эпиона", "Лекфарм" ишканаларына, Ибраимова 146 дарегиндеги "Император" ресторанына, «Мандарин» дүкөнүнүн ээси Т.К аттуу жеке ишкерге, Тунгуч кичирайонунун Анкара көчөсүндөгү "Аква тайм"  унаа жуучу жайынын ээсине, Ахунбаева 237а дарегиндеги дөңгөлөк желимдөөчү жайына протокол түзүлүп, жеке адамдарга – 3000 сом жана юридикалык жактарга – 13 000 сом айып салынды.  

Шаар тургундарынын кайрылуусундагы “Каражыгач” токоюнун кире беришинде таштандылар толуп, тазаланбаганы үчүн Сведлов районунун 24 кварталын кароочу «ДКС»ишканасына айып салынды.

Тиричилик калдыктарын белгиленбеген жерлерге таштагандыгы үчүн жеке ишкер И.Г Абушенкого, Гагарин 3/1 дарегинде жайгашкан  "Гараж" дүкөнүнүн ээсине жана Суйоркулов көчөсүндөгү "ББ" кийим оңдоочу жайына 71-беренесинин 1-б ылайык протокол түзүлдү.

Сакалдуу 33 дарегинде өндүрүш калдыктарын таштаган  "Мааткабыл уулу Шаршенбай" атындагы медресесинин жумушчуларына жана жуунучу мончодо синтетикалык материалдарды өрттөгөнү үчүн «Ала-Тоо 2» конушунун тургуну А. Таштанбаевага карата санитардык-экологиялык комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан 71-беренесинин 2-б ылайык протокол түзүлдү.

Санитардык кайгуул  20 жыл бою чогулган таштандыны табып тазалашты.Лаваневский менен Тыныбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Люкс" коплексине чектеш аймакта жайгашкан бетон плиталар алынды,ал эми Тазалыктын жана Бишкекжашылддандыруу мекемелеринин кызматкерлери газонду тазалап оңдоп түзөштү.

Чоң-Арыктын Береговой көчөсүндө канализация жүргүзүү ишин толук аяктабаганы,өндүрүү иштеринде коюлган талаптарды толук аткарбаганы үчүн "АзияСтройГрупп" ишканасына берененин 1-бөлүгүнө ылайык 119-1 жаза иретинде 23 миллион сом айып салынды. Ушул эле өлчөмдө курулуш аянтынын жолдорду булгоосу үчүн Фучик 76 дарегиндеги «Бем-Ас» ишканасына айып салынды.

Урматтуу шаардыктар, ишканалар жана мекемелер!Өтүнөбүз!Үйлөрдүн,мекемелердин жана ишканалардын айланасын таза кармап,калдыктарды атайын белгиленген жерлерге таштаңыздар! Эреже боюнча баарыбыз 10 метр аралыгындагы аймакты таза кармоого милдеттүүбүз!

Санитардык – экологиялык кайгуул кызматынын байланыш номурлары:

0(312) 65 81 59, 0 558 588 840.
Биринчи май району: 0555 404 818;
Свердлов району: 0551 551 745;
Октябрь району: 0 500 210 470;
Ленин району: 0500 085 580.

Бишкек – сүйүктүү таза шаарыбыз!