Биринчи май районунун акими Алибек Биримкулов райондук жана ага байланышкан кызмат жетекчилери, шаардын мэриясынын түзүмдүк бөлүмчөлөрү менен өткөрүлгөн катардагы жыйында Рысбаева Аида Жолочуевнаны социалдык маселелер боюнча жаңы орун басары ирээтинде тааныштырды.

А.Рысбаева билими боюнча дарыгер, саламаттык сактоо тармагында эмгектенген, №13 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун жетектеген жана Бишкек шаардык мэриясынын коомдук өнүктүрүү бөлүмүн башкарган.

Ошондой эле жолугушууда 2020-жылы жүргүзүлчү калкты жана турак-жайларды каттоо үчүн даярдык көрүү маселелери, балдарды мектептерге электрондук каттоо жана аймактагы элдерди оорулардан алдын алуу боюнча чаралар талкууланды.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 23-мартынан баштап 1-апрелге чейин, өлкөдө жана Бишкек шаарында калкты жана турак-жайларды  катоо иштери жүргүзүлөт.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!