Жакында шаарды кыдыруу учурундагы иш жыйынында “Тунгуч” кичирайонунун Анкара көчөсүндө унаа токтоочу жайдын ордуна дагы бир коомдук мейкиндикти камсыз кылуу чечими кабыл алынган.


Башкы сүрөтчү Марат Жороев көрктөндүрүү жана ландшафттык архитектура бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте келечектеги парктын үлгүсүн алдын ала сунуштады. Аянтта сейилдөөгө ылайыкталган жай салынат, жаңы тратуарлар төшөлөт, отургучтар орнотулат жана жашылдандыруу максатында ар түрдүү бак-дарактар тигилет.  


Белгилей кетсек, Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Эльмир Досалиев унаа токтоочу жайга жакын жайгашкан аймакка балдар аянтчасын уюштурууну сунуштагандыктан, ал жердин документтерин текшерип чыгуу тапшырылды.
Алдын ала маалыматтарга ылайык аянт ушул жылы даяр болот.
Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!