Бишкек мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы, "Тазалык" муниципалдык ишканасы борбордо уруксатсыз жер пайдалангандарды   аныктап мыйзамсыз орнотулган объектилерди алуу иштерин улантууда.

Бул ирет «Көлмө» конушунун Жапаров көчөсүндө мыйзамсыз жайгашкан контейнер толугу менен алынды.

Бешинчи кичирайонунун №43 үйүнүн жанында өз алдынча орнотулган үч бастырма бузулду, андан тышкары ал жерге чектеш жайгашкан темир тосмолорду алганга туура келди.

Эске салсак буга чейин кызматкерлер 7-апрель менен Кийизбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Флажок" кафесин алып ташташкан. Ал жердеги бузуу иштеринен калган курулуш урандылары атайын бөлүм тарабынан тазаланды.

Ишкерлердин арасында түшүнүктүү жарандар жок эмес. Көбунчө мыйзамсыз мекемелерди биздин эскертүүдөн кийин өз ыктыяры менен алып салышат. Ошентип, Шопоков көчөсүнүн  ишкерлери эки тосмону жана бир контейнерди бузушту.

Урматтуу ишкерлер жана муниципалдык жерлерди ижарага алган жаранлар! Жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону өтүнөбүз!

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Арыздар жана даттануулар менен төмөнкү номурларга: күнү-түнү 1840 жана 1850 кайрылсаңыздар болот, ал эми сүрөттөрдү 0554 182-185 номуруна жөнөтүнүздөр.

Шаардыктар мэриянын социалдык тармактарындагы расмий баракчаларга: Facebook, Twitter, Instagram катталып,маалымат алып, суроо берсеңер болот. Ошондой эле, баардык маалыматтар Бишкек шаардык мэриясынын расмий сайтына: www.meria.kg жайгаштырылган.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!