Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Мироненко Николай Кузмич 93 жашка чыкты.
Биринчи май районунун акиминин орун басары Аида Рысбаева, ардагерлер уюмунун төрагасы Маркил Ибраев, райондун коомдук кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишчилери Николай Кузмичти туулган күнү менен куттуктап, белек тапшырышып, маектешип чай ичишти.
Согуш бүткөндөн кийин, Николай Кузмич транспорт министрлигинин өндүрүш бөлүмүнүн башкарган андан соң башкы инженер болуп жана мекеме жетекчиси болуп эмгектенген.
Бишкек шаарынын мэриясы куттуктоолорго кошулабыз жана сизге чын ден-соолук каалайбыз!
Эскерте кетсек социалдык өнүгүүнү башкаруу бөлүмүндө 113 адам учотто турат, алардын ичинде Улуу Ата-Мекендик согуштун 16 майып ардагерлери, 69 катышуучусу, 13 фашисттик концлагерлердеги туткуну, 12 Ленинградтын блокадасындагыларга жана 3 каза болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, ар бир квартал сайын бензин төлөнүп берилет.  СССРдин баатырларынын жесирлерине квартал сайын 1000 сом өлчөмүндөгү стипендия, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, Ленинградтын блокадасына, ооруктун эмгекчилерине, фашисттик концлагерлердеги туткундарына, согуш учурунда даңк медалы менен сыйлангандарга 3000 сомдон төлөнөт. Сыйлыгы жок1932-жылы туулган ооруктун эмгекчилерине 600 сомдон төлөнүп турат.
Урматтуу шаардыктар! Сиз дагы биздин баатырларга райондук социалдык өнүктүтүү башкармалыктарына кайрылып колдоо көрсөтсөңүз болот. Байланыштар:
Биринчи май РСӨБ – Жибек-Жолу көчөсү № 495б, тел., факс 0(312) 67-04-33, usr_pervomai@meria.kg

Свердлов РСӨБ – Чуй проспекти № 28, тел., факс 0312 53-03-68, usr_sverdlov@meria.kg

Октябрь РСӨБ – Байтик-Баатыра көчөсү № 17, тел., факс 0(312) 51-02-63, usr_oktyabr@meria.kg

Ленин РСӨБ – Литвинова көчөсү № 2, тел., факс 0(312) 65-37-46, usr_leninski@meria.kg  

Бишкек – баатырлардын сүйүктүү шаары!