Бишкектин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан жугуштуу оруулардын, анын ичинде таажылуу вирус инфекциясын алдын алуу максатында борбордун соода-сатык базарларында дезинфекциялык иш-чаралар күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.


“Дордой” базарынын соода катарлары, “Чынар” жана “Чолпон” кичи-базарлары, ошондой эле Орозбеков көчөсүндө жайгашкан, жеке ишкер Акбаровго таандык “Штрайнброй” колбаса азыктарын чыгаруучу ишканада дезинфекцияланды.


Аламүдүн, Ош-Базар, Орто-Сай жана Ак Эммир базарларларынын санитардык күнүндө, жаныбарлардан  алынган азыктарды сатуу бөлүмдөрүндө кошумча дезинфекциялоо иштери аткарылды.


Ошондой эле, профилактикалык иш чаралар борборубузда жайгашкан коомдук тамактануучу 29 Кытай аш-каналарында өткөрүлдү.
Урматтуу шаардыктар! Ар бириңиздерди жеке гигиенаны, тазалыкты жана этияттык чараларды сактоону өтүнөбүз!


Бишкек – сүйүктүү сергек шаарыбыз!