Борборубуздагы “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын күнөскалары кыштын кыраан чилдесине, кардын калыңдыгына карабастан, ар дайым гулгө толуп, жыпар жытын аңкып жылуулук тартуулайт.


Агератум, Бегония, Катарантус, Георгин, Колеус, Аллисум, Петуния, Тагетес, Львинный зев, Пеларгония, Сальвия жана Циния гүлдөрүнүн 840 миңге жакыны бүчүр байлап. Жакында биздин  “Бишкекжашылчарба” ишканасында эмгектенген сүйүктүү эжелерибиз шаардык клумбаларда жазгы тигүүлөрдү баштаганы турушат.


Азыркы ишкананын аймагында жайгашкан алгачкы күнөсканалар 1933-1940-жылдары курулган болсо, бир нечеси согуштан кийинки мезгилде, ал эми акыркысы 1987-жылы салынган.


Бишкек - гүлдөгөн шаарыбыз!