Бишкекте 1-марттан тарта коомдук муниципалдык транспортто электрондук билеттештирүү системасы толук көлөмдө иштей баштаган, бул тууралуу "Коомдук транспорттогу электрондук билеттештирүү" пресс-конференциясында айтылды.
Долбоор тууралуу көптөгөн суроолорго  Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын мүдүрүру Нурлан Койчубаков, шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Атыканов, троллейбустук  башкаруу ишканасынын мүдүрү Артур Омурзаков, ВРС AG  швейцариялык компаниясынын жетекчиси жана электрондук билеттендирүү системасынын ишке ашыруучусу  Арсен Кондахчан жооп беришти.
А.Кондахчан Тулпар унаа карталарынын колдонуучуларынын саны күнүнө 15 миңге  жеткендигин билдирип, долбоор алдыга өсуп жатканын, бир жума ичинде айдоочулар, консультант-кызматкерлер дээрлик 12 миңге жакын карталарын ишке ашырышканын, болжол менен 80 миң карта соода түйүндөрү аркылуу таркаганын билдирди.
Биринчи кезекте долбоор шаардын кирешелүүлүгүн жогорулатууну көздөйт. Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын башчысы Нурлан Койчубаков белгилегендей, накталай эмес төлөмгө толугу менен өткөндөн соң, айдоочулардын эмгек акысы 85% га жогорулатылат. Азыркы учурда автобустардын айдоочуларынын орточо эмгек акысы 15 миң сомду түзөт.
Белгилей кетсек,биз дүйнө жүзүнүн бардык шаарларындай эле, накталай эмес төлөмдөргө акырындык менен өтүп жатканыбыз үчүн акчалай төлөмдөр да кабыл алынууда.
Шаардыктар үчүн жеңилдетилген категориядагы кызыл түстөгү энчилүү карталарды жайылтуу түйүндөрү күн сайын дем алышсыз, төмөнкү даректерде иштейт: http://www.meria.kg/ru/post/19834
Долбоордун кызматкерлери жашыл түстөгү мектеп карталарды таркатууну улантууда, толугу менен 10 мектептин окучулары камсыз болушту. Карталар басылып чыгарылууда, даяр болгон сайын борбордук мектептерге жайылтуу жүрүүдө.
Ар бир мектеп  "Тулпар" карталары менен окуучуларын тез арада жеткиликтуу камсыз кылуусу учун, меттептерде долбоор боюнча атайын адистер тушундуруу жана сатуу иштерин жургузуудо. Мектеп жетекчилиги жана мугалимдердин карталарды сатууга укугу жок. Эгер бул тууралуу сууроолорунуз болсо 582000 номуруна кайрылуунузду өтүнөбүз.


Бишкек-сүйүктүү ыңгайлуу шаарыбыз!