Борбордук муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүндө убактылуу кадрдык алмашуулар болду.

Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармасында жаңы башчы –  башчынын милдетин аткаруучу болуп Джумабекова Дамира Советалиевна дайындалды. Буга чейин Дамира Жумабекова ошол эле башкармалыктын уюштуруу-укуктук бөлүмүнүн башчысынын кызмат ордун ээлеген. Белгилей кетсек, шаардык спорт комитетинин мурдакы башчысы Д.Досалиев жеке арызынын негизинде кызматынан бошотулган. 3-мартта муниципалдык кызматтын бош административдик кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыяланды: http://www.meria.kg/ru/vacancy/161

Кызматтык зарылчылыкка байланыштуу жана билим берүү башкармалыгынын жаңы башчысы дайындалганга чейин башчынын милдеттерин убактылуу аткаруу милдети Никифорова Наталья Васильевнага жүктөлдү.

Конкурс 25-февралда жарыяланды: http://www.meria.kg/ru/vacancy/157

Белгилей кетсек, буга чейин жеке арызынын негизинде шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Болотбек Тезекбаев кызматынан бошотулган. Бул кызматта Б.Тезекбаев 3-4 ай иш алып барган.

Башкармалыктын башчысынын милдеттери кайрадан Атыканов Нурлан Качкыновичке жүктөлгөн.

Аталган буйрукка Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол койду.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!