Бишкек шаарынын биринчи Май районунун башчысы Биримкулов Алибек  трикотаж  өндүрүүчү "Илбирс" ишканасынын иши менен таанышты, анда  дээрлик 200 адам жумуш орду менен камсыздалган.
Биз моделдерин иштетүү боюнча түйдөп жабуучу, бычуучу, боёк-иштери,жасалгалоо цехтеринин жана кичи-цехтердин, ошондой эле тигүү болүмүнүн иши менен таанышып чыктык.
Акимиат жергиликтүү ишканаларды колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, алардын өндүрүшүн кеңейтүүнү көңүлгө алуу менен, көйгөйлүү маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Белгилей кетсек, "Илбирс" компаниясы 1992-жылдын 30-мартында түзүлгөн жана трикотаж кездемелерин иштетүүчү  адистештирилген чоң өндүрүүчүсү болуп саналат.
"Илбирс" компаниясынын негизги максаты - бул эң алдыңкы технологияларга жана мода багытында болуу, балдар жана чоңдор үчүн чыгарылып жаткан буюмдарга туруктуу суроо-талапка жооп берүү. Жыл сайын 300гө жакын модель компаниянын көркөм кеңеши тарабынан бекитилген тартиби боюнча жаңыланып, даярдалып чыгат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!