Бишкек шаардык мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын мүчөлөрү күн сайын айлананы жакшыртуу боюнча эрежелерди бузгандарды аныктоо максатында шаардын ар бир бурчун иликтөөдө.
Бул жолу унаа өтүүчү жолдун боюнда эрежелерди сактабаган, курулуш компаниялардын өкүлдөрүнө чаралар көрүлдү.  
Бузуулар боюнча Кодексинин 119-беренесинин 2-бөлүгү боюнча Уметалиев көчөсүндөгү "Кап Строй Кей Джи" мекемесине, Суванбердиев көчөсүндөгү «Кыргыз Каганат» ишканасына жана Анкара көчөсүндөгү «Имарат Строй Групп» ассоциациясына протокол түзүлүп, юридикалык жарандар үчүн 23 миң сомдон айып салынды.
Суванбердиев көчөсүнүн боюнда өндүрүштүк иштеринде тазалык эрежелердин сактабаганы үчүн “Кыргыз Каганат” ишканасына 119-берененин 1-бөлүгү боюнча экинчи ирет протокол түзүлдү, ушул эле берене боюнча "Көк-Жар" жаны конушунун тургуну Калмурзаев көчөсүндөгү жагымсыз жагдай үчүн жана ордери жок өндүрүүгө жер иштетүүсү үчүн “Ак-Ордо” конушунун Кырчын көчөсүндө жайгашкан “СарБи” компаниясына протокол түзүлдү.
10 метр аралыктагы антисанитария үчүн 70-берене боюнча "Фрунзе" гипермаркетине, Профсоюзный 62 дарегинде жайгашкан “Хассан Трэйдинг ЛТД” ишканасына, "Сары-Өзөн" базарынын администрациясына, Московский 53 дарегиндеги павильонго, Горький 119 дарегинде жайгашкан “Gergert Sport” спорттук дүкөнүнө жана ага коңшу жайгашкан"Мира" кафесине протоколдор түзүлдү.
Турмуш-тиричилик таштандыларды жана буюм-заттарды атайын белгиленбеген жерлерге ыргытып,күйгүзгөнү үчүн Л. Толстой 35а дарегиндеги унаа жуучу жайдын администрациясына жана Бөкөнбаев көчөсү 7 дарегиндеги Legrana билим берүү борборуна айып салынды.
Telegram социалдык тармагындагы, "Бишкек бүгүн" тобундагы шаардыктардын көптөгөн даттанууларынын негизинде бузуулар боюнча Кодекстин 71-беренесинин 2-бөлүгү боюнча Юнусалиева 52/3 дарегинде жайгашкан "Мега-сити" дүкөнүнун кызматкерлерине протокол түзүлүп 4 категория боюнча айып салынды: жеке жактар үчүн 7 миң 500 сом, юридикалык жактарга – 23 миң сом.
Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Өтүнөбүз! Үйлөрдүн,мекемелердин жана ишканалардын айланасын таза кармап,калдыктарды атайын белгиленген жерлерге таштаңыздар! Эреже боюнча баарыбыз 10 метр аралыгындагы аймакты таза кармоого милдеттүүбүз!
Санитардык – экологиялык кайгуул кызматынын байланыш номурлары:
0(312) 65 81 59, 0 558 588 840.
Биринчи май району: 0555 404 818;
Свердлов району: 0551 551 745;
Октябрь району: 0 500 210 470;
Ленин району: 0500 085 580.
Бишкек – сүйүктүү таза шаарыбыз!