Шаарды кыдыруу учурундагы иш жыйынындарынын биринчи “Тунгуч” кичирайонунун Анкара көчөсүндө унаа токтоочу жайдын ордуна дагы бир коомдук мейкиндикти камсыз кылуу чечими кабыл алынган.
Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш департаментинин кызматкерлери унаа токтотуучу жайдын ээсине жерди пайдалануу эрежелерин түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң, ишкерлер ыктыярдуу негизде ал жерди демантаждоого киришти.
Аянтта сейилдөөгө ылайыкталган жай салынат, жаңы тратуарлар төшөлөт, отургучтар орнотулат жана жашылдандыруу учун ар түрдүү бак-дарактар тигилет.  
Алдын ала маалыматтарга ылайык аянт ушул жылы даяр болот.
Бишкек мэриясынын жерди пайдалануу жана курулуш башкаруу кызматы менен "Тазалык" муниципалдык ишканасы борбордогу жерди пайдаланууну бузгандарды аныктап, мыйзамсыз орнотулган курулуштарды бузуу иштерин улантууда.
12-кичирайонунун № 2 үйүнүн жанына мыйзамсыз коюлган павильон жана жыгач бастырма алынып салынды. Ал эми 11-кичирайонунун 14/2, 14/3 дарегинде жайгашкан үйлөрдүн чыгыш тарабындагы аянты 290 чарчы метрди ээлеген жер участокту өз билемдик менен металл тоскуч орнотуп тосуп алышкан. Бул факты боюнча Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан тартип бузууларды четтетүү тууралуу сунуштама чыгарылган.Натыйжада, узундугу 102 метрди түзгөн тосмо, дарбазасы менен кошо бузулду.
Бугунку тазалоо иштери Шералиев менен Жайыл Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз курулган павильон менен тандырды бузуу  менен аяктады.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!