Жукеев-Пудовкин көчөсүн түштүк багытта улантуу иштери быйылкы жылы башталат. Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы сынак жарыялады.

http://zakupki.gov.kg/popp/view/order/view.xhtml?id=218666239

Жаңы жолду Токомбаев көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейин узартып, ЧЧК аркылуу көпүрө курушат. Туурасы 24 метр болгон жол, алты тилкеден туруп, ортосу атайын тилке менен бөлүнөт. Жолду шагыл аралашмасынын асфальтбетону менен заманбап жабуу каралган. Эскерте кетсек, бул технологиялар "Бишкектин автомобилдик жолдорун калыбына келтирүү жана жол жабуу" долбоорунда колдонулган. Шаардыктар асфальттын сапатын Манас жана Айтматов проспектисинен, Садырбаев жана 7-апрель көчөлөрүнөн,Эркиндик бульварынан жана башка көчөлөрдөн баалап көрүштү деген ойдобуз.

Долбоордун сметалык баасы 153,4 миллион сом. Подрядчыларга төмөнкү талаптар коюлган: жолдорду куруу жана реконструкциялоодо, көпүрөлөрдү куруу, шагыл аралашмасынын асфальтбетон иштеринде тажрыйбалуу болуу, ошондой эле менчик асфальтбетондук заводунун өндүрүмдүүлүгү кеминде саатына 30 тоннаны түзүүсү шарт.

Конкурстук арыздарды ачуу 31-мартта өтөт.

Келечекте Жукеев-Пудовкин көчөсү Балык-Кумара көчөсүнө чейин курулат.

Бишкек-сүйүктүү инфраструктуралык шаарыбыз!