Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы менен "Тазалык" муниципалдык ишкананын атайын бөлүмү мыйзамсыз орнотулган объектилерди демантаждоону улантууда.

Гагарин жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган курулуш бастырмасы менен кошо алынып салынды.

Шаардыктарга ынгайсыздык жараткан, Чокморов менен Уметалиев көчөлөрүнүн кесилишинде уруксат берүүчү документтери жок курулган "Кечки Фрунзе" кафеси бузулду.
Шаар тургундарынын арасында түшүнүктүүлөр дагы аз эмес. Мына ушундай жарандарыбыздын бири  узундугу 25 метрди түзгөн Абдумомунов 286 дарегиндеги тосмону жана дагы бир ишкер П.Лулумба көчөсүндө орнотулган көрнөк-жарнакты өз ыктыяры менен алып ташташты.
Эми Көкө-Тоо көчөсү  299 дарегиндеги темир дарбаза шаардын көрүнүшүн бузбай калды.
Урматтуу шаардыктар, жеке ишкерлер, муниципалдык жерлерди ижарага алуучулар! Жерди пайдалануу жана соода эрежелерин сактоону суранабыз!
Бишкек шаарынын мэриясы тартип бузгандарга эскертет. Борбордун аймагында мыйзамсыз орнотулган же максатсыз багытта пайдаланылып жаткан баардык курулуштар бузулат.

"Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, өз алдынча курулган жана колдонуудагы ченемдерди бузуу менен курулуп жаткан мыйзамсыз орнотулган объектилерден муниципалдык менчикти бошотуу мэриянын компетенциясына кирет.

Демонтаждоо мүмкүн болгон материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтурбастан, кийин бузуу учурунда келтирилген чыгымдарды өндүрүү менен жүргүзүлөт.

Эгерде сиз мыйзамсыз же туура эмес курулган объекттилерди көрсөңүз, анда укук бузуулардын сүрөт жана видеофакттыларын 0703638333 номуруна жөнөтсөңүз болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!