Борбордун алтынчы кичи районунда жайгашкан №14- бала бакчанын капиталдык оңдоо иши аягына чыкканы турат. Имаратты куруу иштери күзүндө башталган, азыр толугу менен даяр болуп, тегерегине тосмо орнотулууда.

Бакчанын бассейнин калыбына келтирилип, жаңы балдар аянтчалары курулат. Аба-ырайы жылыган соң, аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Өткөн жылы бишкектиктерге кайтарылып берилген эки бакчанын бири болгон бул бакча кичкинтай тарбиялануучуларга эшигин ачууга камданууда. Жаңырган ыңгайлуу имарат 140 орундуу, 6 топко эсептелген.

Ошондой эле  "Байэл – Курулуш" компаниясы ички жана сырткы инженердик тармактарды оңдоп, жылытуу, суу менен камсыздоо жана канализация системаларын калыбына келтирген. Имараттын чатыры алмаштырылып, жаңы терезелер, эшиктер жана жаңы сантүйүндөрдү коюлду.
Капиталдык ремонт иштери шаардык бюджеттен каржыланып, ага 19 миллион 896 миң сом бөлүнгөн.
Бала бакча алты ай мурун аянычтуу абалда болгондугун эскерте кетели. Ал жерде көптөгөн жылдар бою Октябрь райондук Социалдык фондунун кеңсеси жайгашкан. Балдардын кенен бөлмөлөру болукторго болунуп, санитардык түйүн иштебей, инженердик тармактар жарактан чыгып, чатыры талкаланып такыр каралбай калган.

Белгилей кетсек, 2020-жылы Борбордук мэрия №12, №20, №40 жана №20 балдар бакчасына кошумча курулуш куруп баштоону, ошондой эле "Көк-Жар" конушунда жана Жал кичи районунда жаңы бала бакча имараттарын салууну көздөп жатат

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!