Бишкек шаардык кызматтардын жетекчилери шаар тургундары менен тыгыз иштешүүдө.
Шаардык мэриянын муниципалдык мүлк башкармалыгында бир күндө эле борбордун 19 жараны кайрылды. Алардын он бири турак-жай бөлүп берүү маселесин чечип берүүнү суранышты. Кайрылгандардын арасында согуштун ардагерлери, "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери, ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү жана жетишсиз жашагандар.
Белгилей кетсек, турак-жай кезеги менен бөлүнөт, бирок биринчи кезекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү турат.
Шаардын 817 тургуну турак-жай шартын жакшыртууга кезекте турат, алардын 397 жеңилдетилген категория боюнча.
Шаардын 4 тургуну ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жумуш орундарын түзгөн кичи бизнести уюштуруу үчүн имарат-жайды сурашты.
Башкармалыктын башчысы Нурдин Тынаев шаардыктарды тосуп алып, ар бир маселе боюнча жооп берди жана шаардыктарга дагы да суроолоруна жооп берип, жардамдашууга дайым даяр экенин айтты.
Урматтуу шаардыктар! Суроолорунуз болсо, муниципалдык мүлк башкармалыгына алдын ала 0(312) 620103 номуруна кайрылып, жолугушууга катталсаңыз болот.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!