Кочкор көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейин "Ала-Арча" суусу жол жээгинин топурагын жууп кеткен.
"Бишкекбашкыархитектура", "Бишкек унаа токтотуучу жана коюучу" муниципалдык ишканалардын, жер ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн жана Ленин районунун өзгөчө кырдаалдар боюнча адистери участокту ыкчам изилдөөгө киришишти.
Белгилесек, суу агымы жууп кеткен аймактын жанына,Салтанат Палас ресторанынын маңдайындагы унаа токтотуучу жайын бойлой ишкер бак-дарак отургузгандыктан, ал жерге атайын техника өтө албайт.
Жер ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн кызматкерлери ал жердин мыйзамсыз курулганы тууралуу изилдешти, парктарды уюштуруу үчүн жер участокторун ижарага алууга уруксат берүүчү документтерди даярдоо учурунда ижарачы, эгер ал жерде иштер жүзгүзүлсө бошотуп, шарт түзүүгө милдеттенмеге кол койгондугу белгилүү болду.
Керектүү аймак жакын арада бошотулмай болду. Эске салсак, көп жылдан бери таштандыга толуп каралбай калган бул жерди ишкер тазалап, көркүн ачып койгон.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!