Сүйүнчү! Шаарыбыз Москвада өтүп жаткан "Мегаполис ХХІ КЫЛЫМ" Эл Аралык шаарлардын Ассамблеясынын эл аралык форумунда "Коомдук транспортту электрондук билеттендирүү" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору үчүн сыйланды.
Бишкек шаарынын мэриясынын жана BPC AG швейцариялык компаниянын биргелешкен коомдук транспортторду электрондук билеттендирүү "Тулпар" долбоору КМШ жана ЕАЭБ шаарларынын XII эл аралык сынагында эң мыкты деп табылды “Жашагың келген шаар - 2019".
Эскерте кетсек, Тулпар долбоорун ишке ашыруу иштери өткөн жылы башталып, 2020-жылдын 1-мартында система толук көлөмдө иштөөгө киргизилген.

Эки жуманын ичинде долбоор күчүнө кирди, мисалы, кечээ, 12-март күнү Тулпар картасын 22 миңден ашык шаардыктар пайдаланышты! Жарандар биринчи 10 күндүн ичинде адистерибизден 25 миңден ашык көк карталарын сатып алышкан.
Ушуга байланыштуу, шаардыктарга түшүндүрүү жана сатуу, системанын ишин жана акы төлөө процессин байкоо жүргүзгөн Тулпардын адистери, акырындап муниципалдык транспорттогу кызматын аяктап жатышат.
Урматтуу жүргүнчүлөр! Сиздер бардык кызыкдар суроолорду берип, автобус же троллейбустан картаны сатып алууга бир нече күн мүмкүнчүлүк бар. Жашыл Тулпар окуучуларга ар бир мектептен берилет, жеңилдетилген категориядагы кызыл карталарды ар бир акимият жана жергиликтүү аймактык башкармалыктан алсаңыз болот.

Бишкек-сүйүктүү заманбап шаарыбыз!