“Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” аттуу окуу семинарына Ленин райондук администрациясынын жана ага караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн, муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматчылары, ошондой эле Ленин районундагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын усулчулары чакырылып, бардыгы 36 кызматчы катышты.  


Семинардын киришүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүүнүн типтүү нускамасы жөнүндө жана теориялык бөлүгүндө иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, кыргыз тилинин эрежелери жөнүндө теориялык маалыматтар берилип, практикалык бөлүгүндө кызматчылар берилген тапшырмалар боюнча иш кагаздарын мамлекеттик тилде жазууну үйрөнүштү.


Окуу семинарды Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова өткөрдү.