"Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы кышты ийгиликтүү өткөрүп, жазгы көчөт отургузуу иштерин кызуу башташты.


Жаздын келиши менен "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жалбырактуу бак-дарактарды отургузууда.

Жибек Жолу проспектинен Саадаев көчөсүнө чейин Тоголок Молдо көчөсүндө 50 көчөт пайда болду. Ошондой эле, Чоң чүй каналынан баштап Щербаков көчөсүнө чейин, Орозбеков көчөсүн бойлой 80 көчөт отургузулду.

Көчөттөрдүн жашы 6 жылга жакын болуп эсептелинет, көчөттөр ишкананын калыбына келтирилген бакчасында өстүрүлөт.

2020-жылы Бишкек жашыл чарбасы 10 миңден ашуун жалбырактуу бактарды жана 630 ийне жалбырактуу бактарды отургузууну пландаштырган.

Бишкек- сүйүктүү жашыл шаарыбыз!