Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгына мыйзамсыз курулуш жана жарнамалык конструкция маселелери боюнча 9 шаар тургуну кайрылган.

Шаардыктарды башкармалыктын жетекчиси Иманакун уулу Талантбек кабыл алды. Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы борбордун муниципалдык менчигинде турган имараттарды жана жерлерди пайдалануу чөйрөсүнө көзөмөлдүк жүргүзөт, муниципалдык жерлерди өз алдынча басып алууну аныктайт, муниципалдык имараттарды жана жерди мыйзамсыз пайдалануудан бошотот.

Үч күн ичинде Көкчө-Тоо көчөсүндөгү 285 үйдүн маңдайындагы узундугу 30 метр жана коңшу үйдүн 12 метрлик темир тосмолору алынды.

"Арча-Бешик" жаңы конушунда уруксат берүүчү документтери жок салынган павильон алынып, ошол эле Шералиев көчөсүндө көчө боюнда мыйзамсыз орнотулган 20 тонналык контейнерди алып кетүүгө туура келди.

Урматтуу шаардыктар, жеке ишкерлер, муниципалдык жерлерди ижарага алуучулар! Жерди пайдалануу жана соода эрежелерин сактоону суранабыз!

Бишкек шаарынын мэриясы эреже бузгандарды катуу тартипке салат. Мыйзамсыз орнотулган же максатсыз түрдө борбордун аймагында пайдаланылып жаткан объекттер алынат.

"Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, өз алдынча курулган жана колдонуудагы ченемдерди бузуу менен курулуп жаткан мыйзамсыз орнотулган объектилерден муниципалдык менчикти бошотуу мэриянын компетенциясына кирет.

Демонтаждоо мүмкүн болгон материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтурбастан, кийин бузуу учурунда келтирилген чыгымдарды өндүрүү менен жүргүзүлөт.

Эгерде сиз мыйзамсыз же туура эмес курулган объектти көрсөңуз, анда укук бузуулардын сүрөт жана видео фактыларын: 0703638333 номуруна жөнөтүңүз.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!