Команда эки күн ичинде райондун көчөлөрүн, компьютердик клубдарын кыдырып 23 өспүрүмдү табышты, алардын бешөө социалдык мекемеге тапшырылды, калганы жагдайды аныктаганга чейин жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча борборуна жеткирилди.

Дагы 24 жашы жете элек балдар КР ИИМ инспекциясында каттоого алынды, 10 ишти Биринчи Май балдар иштери боюнча комиссия карайт.

Белгилей кетсек, рейддер укук бузууларды алдын алуу, көзөмөлсүз жана жашы жете электерди көзөмөлгө алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Республикалык штабынын отурумунун протоколунун негизинде, таажылуу вирус инфекциясын (COVID-19) жана башка жугуштуу ооруларды ташып келүүнү жана андан ары жайылуусун алдын алуу боюнча, КР аймагында -  жогорку даярдыктагы режим киргизилип, өзгөчө адамдардын массалык топтолушуна чектөөлөр коюлду.

Урматтуу ата-энелер! Сураныч, кичинекей балаңызды кароосуз калтырбаңыз. Балдар - биздин келечегибиз…

Бишкек-сүйүктүү коопсуз шаарыбыз!