Биз убада кылгандай эле Горький атындагы гүлбагын көрктөндүрүп жатабыз, куруу иштери графиктен эрте апрелдин аяктарында бүтөт.

Сквердин ортосундагы бөлүккө брусчатка тизүүгө негиз даярдалды. Аны менен бирге арыктарды орнотуп,мурунку гранит бордюрларды кайрадан орнотуу иштери жүрүүдө.

Жарыктык үчүн электр кабелин өткөрүлдү. Алдыда жаңы отургучтар жана урналар орнотулат.

Оңдоо иштерин "Береке Стрим" курулуш компаниясы шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүүдө.

Белгилесек, гүлбакты реконструкциялоо 2019-жылды кечки күздө башталып, туруксуз аба-ырайынын шарттарына байланыштуу токтотулган

Эскерте кетсек, өткөн жылы жазында калаа башчысы Азиз Суракматов парктарда жана скверлерде масштабдуу реконструкциялоо жүргүзүүнү тапшырган, ошондой эле Манас проспектиси менен Боталиев көчөсүнүн жана Кокчетавский менен Түлебердиев көчөлөрүнун кесилишинде жайгашкан коомдук мейкиндиктеринин курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!